Биз менен байланышыңыз

Боронов ооруканаларды кышка карата даярдоону тапшырды

Кыска кабар | 22 Июл 2020 | 360 | 0

Өлкөнүн бардык аймактарындагы ооруканаларды кышка карата даярдап, зарыл жабдуулар менен камсыздоо тапшырмасы берилди. Премьер-министр Кубатбек Боронов Республикалык ыкчам штабдын жыйынында, адистер эпидемиянын экинчи толкуну күз айларында башталарын божомолдоп жатышканын айтты.

Боронов медициналык мекемелер бардык кырдаалга даяр туруш керектигин, ал үчүн ооруканалардагы абанын алмашуусун жөнгө сала турган жабдууларды орнотуу зарылдыгын белгиледи.

«Медицина кызматкерлеринин арасында кызматтык милдетин аткарып жатып, илдетти жуктуруп алган учурлар көп кездешүүдө. Ошондуктан биз алардын ден соолугуна кам көрүшүбүз керек. Аларга коронавирус инфекциясынын жугуу себептерин дыкат аныктап, анын негизинде маселелерди жоюунун үстүндө иштөөнү күчөтүү керек», — деди Кубатбек Боронов.

Саламаттык сактоо министрлигине жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө өпкөсү сезгенген жарандарды өтүшүп кеткенге жеткирбей алдын алуу чараларын күчөтүү милдеттендирилди.

«Илдетти сасык тумоо катары кабыл алып, өз алдынча үй шартында дарыланып жаткандар бар. Ошондуктан ооруп жаткандарды аныктоо үчүн Бишкек шаарынын жана аймактардын жетекчилери медицина кызматкерлери менен үймө-үй кыдыруу иштерин күчөтүүгө тийиш», — дейт премьер-министр.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM