Биз менен байланышыңыз

Ыктыярчы кыз куткара албай калдым деп ыйлаган киши тирүү болуп чыкты (видео)

Кыска кабар | 22 Июл 2020 | 1340 | 0

Бишкектеги ооруканалардын биринде коронавирус менен дарыланып жаткан адамдын өмүрүн сактай албай калдым деген ыктыярчынын видеосу тараган. Ички иштер министрлигинин бүгүн тараткан маалыматы боюнча, видеодогу Жоломан Карымшаков аттуу тургун өлгөн эмес.

Бул окуя соцтүйүндөрдө жарыялангандан кийин ИИМдин тергөө кызматы окуянын чоо-жайын териштирген. Алдын ала иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө, “Жаштар демилге борбору” коомдук уюмуна 16-июлда кечки саат 22:50дө Бишкек шаарынын Ак-Өргө конушунда көчөдө бир адам эс-учун жоготуп жатат деген маалымат түшкөн. Ыктыярчылар ал жерге барганда отурган абалда бир адамды көрүшкөн. Анын дем алуусу кыйын болуп жаткандыктан түнкү стационарга алып барышкан.

Стационарда «бош орун жок» деп айтылгандан кийин башка ооруканага жаткызганга чейин кычкылтек менен дем алдыруу үчүн ал адамды стационардын ичине алып кирип кетишкен.

Он мүнөт өткөндөн кийин стационардагы иштеген дарыгерлердин бири ал адамдын жүрөгү токтоп, каза болуп калгандыгын билдирген. Тагыраагы, ал кандайдыр бир кыска убакытка клиникалык өлүм абалында болгон. ИИМдин маалыматына караганда, волонтерлор кетип калышкандан кийин жаран кайрадан эсине келген.

«Иликтөө иш чараларынын учурунда жогорудагы каза болуп калды деген маалымат жалган болуп чыкты. Ал тирүү эле экен, Ат-Башы районунун тургуну, учурда Бишкектин Арча-Бешик конушунда жашаган 45 жаштагы Жоломан Карымшаков экендиги аныкталды«, — деп айтылат маалыматта. 

Каза болуп калганы айтылган Жоломан Карымшаков 16-июль күнү мас абалда жүрүп, кан басымы көтөрүлүп, Бишкектин Ак-Өргө конушундагы көчөлөрдүн биринде жолдо жатып калган. 

«Жолдо келе жатканда өзүмдү бир жоготуп, бир өзүмө келип машинада бара жаткандыгымды сезип, машинадагы бир кызды карап: «Менин кызымдай болгон кыз экенсин, мен кызымды жакшы көрөмүн, эгерде мен өлүп калсам, кызыма айтып койчу атаң сени жакшы көрөт деп» айтып өзүн кайрадан жоготуп койгондугун билдирген. Анан бир убакта көзүн ачса, ага капельница коюп коюшкандыгын, ошондо өзүн ооруканада жатканын билип, капельница бүткөндөн кийин ал жактагы медициналык кызматкерлердин уруксаты менен үйүнө кетип калдым», — дейт Жоломан Карымшаков.

Азыркы учурда сотко чейинки өндүрүш боюнча тергөө амалдары аяктап, иш кыскаруунун алдында турары кабарланды.

 

ИИМ: Жети минут жетпей калды, ооруган адамды өмүрүн сактай албай калдым деген маалымат боюнча билдирүү. Ал адам өлгөн эмес, кечээ Жоломан Карымшаков волонтерго ыраазычылыгын билдирди.Аталган окуя соцтүйүндөрдө жарыялангандан кийин ИИМдин тергөө кызматы окуянын чоо жайын текшерүү максатында жана ал кайсы ооруканада кабыл албай койгондугун текшерүү максатында фактыны кылмыштарды жана жоруктарды каттоонунун бирдиктүү Реестрине каттап ыкчам иликтөө иш чараларын баштаган.Алдын ала иликтөө иш чараларынын жүрүшүндө А.Мурзаева өз ыктыяры менен “Жаштар Демилге Борбору” коомдук уюмуна волонтер болуп иштеп жаткандыгын, анан 16-июлда саат 22:50дө Бишкек шаарынын Ак-Өргө конушунда көчөдө бир адам эс учун жоготуп жатат деген маалымат түшүп, ал жерге барышкан учурда отурган абалда бир адамды көрүшкөндүгүн жана дем алуусу кыйын болуп жаткандыктан аны түнкү стационарга алып барышкандыгын билдирген. Стационардагы врачтар бош орун жок экендигин билдиришкен, бирок убактылуу болсо дагы башка ооруканага жаткызганга чейин кычкылтек концентраторуна кошуп тургулачы деген суранычтан улам, врачтар макул болуп ал адамды стационардын ичине алып кирип кетишкен. Арадан он мүнөт өткөндөн кийин стационардагы иштеген дарыгерлердин бири, силер алып келген адамдын жүрөгү токтоп, каза болуп калгандыгын билдирген. Ал адамдын кандайдыр бир кыска убакытка клиникалык өлүм абалында болгондугу айтылууда. Волонтерлор кетип калышкандан кийин тиги жаран кайрадан эсине келген. Иликтөө иш чараларынын учурунда жогорудагы каза болуп калды деген маалымат жалган болуп чыкты. Ал тирүү эле экен, жердиги Ата Башы районунун тургуну, учурда Бишкек шаарынын Арча-Бешик конушунда жашаган 45 жаштагы Жоломан Карымшаков экендигин аныкталып, анын эч кандай каза болбогондугу аныкталды. Ат Башы районундагы туугандарына чейин анын өздүгүн тактоого туура келди. Жоломан Карымшаковдун өзүнүн айтуусунда: “2020-жылдын 16-июль күнү саат болжол менен 22:00 чамасында мас абалда жүрүп, кан басымым көтөрүлүп Бишкек шаарынын Ак-Өргө конушунан жолдо жатып калдым, анан мени волонтерлор өздөрүнүн машинасына салып ооруканага алып жөнөштү. Жолдо келе жатканда өзүмдү бир жоготуп, бир өзүмө келип машинада бара жаткандыгымды сезип, машинадагы бир кызды карап, «Менин кызымдай болгон кыз экенсин, мен кызымды жакшы көрөмүн, эгерде мен өлүп калсам, кызыма айтып койчу атаң сени жакшы көрөт деп» айтып өзүн кайрадан жоготуп койгондугун билдирген. Анан бир убакта көзүн ачса ага капельница коюп коюшкандыгын, ошондо өзүн больницада жатканын билип, капельница бүткөндөн кийин ал жактагы медициналык кызматкерлердин уруксааты менен үйүнө кетип калдым, деди Жоломан Карымшаков. Каза болду деген маалымат туура эмес экендигин жана азыркы учурда абалы жакшы экендигин билдирди. Азыркы учурда сотко чейинки өндүрүш боюнча, тергөө амалдары аяктап, иш кыскаруунун алдында турат.ИИМдин Басма Сөз кызматы

Опубликовано Тилеком Оторовым Среда, 22 июля 2020 г.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM