Биз менен байланышыңыз

Бишкекте соода түйүндөрүнүн иштөө убактысы узартылды

Кыска кабар | 22 Июл 2020 | 426 | 0

Бишкекте 22-июлдан тарта бардык соода түйүндөрдүн жана супермаркеттердин иштөөсү кечки саат 21:00гө чейин узартылды. Тиешелүү буйрукка шаар мэри Азиз Суракматов кол койгон.

100 чарчы метрден ашык аянтты камтыган супермаркеттер, соода борборлор, комплекстер жана соода түйүндөрү күн сайын эртең мененки саат 07:00дөн кечки саат 21:00гө чейин иштейт.

Соода борборлорундагы тамактануучу жайлар иштебейт. Кафе, ресторан жана башка коомдук тамактануу жайлары эртең мененки саат 10:00дөн кечки саат 20:00гө чейин иштейт.

Ошол эле учурда тамак-ашты үйгө жеткирип берүү кызматы санитардык нормаларды сактоо менен күнү-түнү иштей берет.

Коомдук транспорт мурункудай эле таңкы саат 07:00дөн 10:00гө чейин жана кечки 17:00дөн 21:00гө чейин жүрөт. Ал эми базарлар эртең мененки саат 09:00дөн 17:00гө чейин иштейт.

Борбор калаада көчөдөгү соода объектилери, батут, велосипедди ижарага берүү жана башка кызматтарга тыюу салынган. Ошондой эле тойкана, түнкү клуб, бар, караоке-клубдарга жана балдар аянтчаларынын ишине убактылуу чектөө киргизилген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM