Вице-премьер-министр Аида Исмаилова ыктыярдуу кыймылдын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү. Алар мамлекеттик органдар тарабынан көмөк көрсөтүүнү талап кылган көйгөйлөр, аймактардагы волонтерлордун ишин координациялоо зарылдыгын, call-борборго техникалык колдоо көрсөтүү, бизнес-коомчулук менен рентгенологиялык диагностика тейлөөлөрүнүн жеткиликтүүлүгүн айтып, алыскы райондорду дары-дармек менен камсыздоого, калкка эпидемияга каршы чараларды сактоо зарылдыгы тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө чакырышты.
Өкмөт жана волонтердук уюмдар COVID-19га каршы күрөштө биргелешип иштөөнү улантышат.
21-июлда президент Сооронбай Жээнбеков ондон ашык ыктыярчы менен жолугушкан.