Биз менен байланышыңыз

Бүгүн 50 медициналык кызматкерден коронавирус аныкталды 

Кыска кабар | 22 Июл 2020 | 342 | 0

20-июлга карата Кыргызстанда 50 медициналык кызматкерден коронавирус аныкталды.

Алардын ичинде, Бишкек шаарында 12, Чүй облусунда 10, Ош шаарында 9, Ош облусунда 5, Жалал-Абад облусунда 4, Баткен облусунда 6, Ысык-Көл облусунда 4 медкызматкер вирус жуктуруп алган.

Ал эми 23 медициналык кызматкер айыгып, ооруканалардан чыгарылды.

Мындан сырткары, үй карантинде болгон 444 медициналык кызматкер да вирустан айыкты. Жалпысынан COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 2478 учур катталып, алардын 1091и айыкты.

Кыргызстанда 22-июлга карата коронавирус жана пневмония жуктурган учурлардын жалпы саны 29 миң 359га жетти. Илдеттен 15 миң 851 жаран айыгып, 1123 бейтап каза болду.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM