Биз менен байланышыңыз

“Китепкана иши жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизилди

Кыска кабар | 22 Июл 2020 | 1258 | 1

«Китепкана иши жөнүндө» мыйзамга өзгөртүү киргизилди. Ага президент Сооронбай Жээнбеков кол койду.

Мыйзам 2020-жылдын 10-июнунда Жогорку Кеңеште кабыл алынган.

Анын максаты «Китепкана иши жөнүндө» мыйзам менен «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» мыйзамдагы карама-каршылыктарды жоюу болуп саналат.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тарта он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин маалыматына караганда, «Китепкана иши жөнүндө» мыйзамда Улуттук китепкананын жетекчилеринин маяналары мамлекеттик кызматкерлердин жогорку категориядагы адисинин эмгек акысына, ал эми бөлүм башчыларынын эмгек акылары мамлекеттик кызматкерлердин I категориядагы адисинин эмгек акысына теңештирилет деп белгиленген.

Бирок Улуттук китепкананын кызматкерлери мамлекеттик кызматкерлер болуп эсептелбегендиктен, «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» мыйзам аларга карата колдонулбайт.

Ошондон улам, «Китепкана иши жөнүндө» мыйзамдын 26-беренесинин 3-бөлүгүн күчүн жоготту деп табуу демилгеси сунушталган.

Азыркы учурда маданият кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн шарттары, анын ичинде китепкана кызматкерлеринин кызматтык маяналары өкмөттүн «Маданият, искусство жана маалымат мекемелеринин кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө» токтому менен аныкталып келген.

Ушу тапта өлкө аймагындагы 1069 китепкананын фонду – 19 млн китеп. Ал эми китепканачылардын орточо маянасы – 4 миң сом.

1 пикир

1 пикир

  1. масуда

    24.01.2024 09:26

    саламатсыздарбы азыркы учурда время деньги деген созду копчулук жакшы билсе керек китепканачылар иши 8ден 17чейин отурушат бирок кечке отуруп 4мин акчага иштеген эмне деген маяна деп ойлойсунар кимдин китепканада кечке чан жутуп 4мин айлыкка иштегиси келет же вредность кошулбаса айылда жашап сельский каралбаса ошол жактарын мыйзамда карап коргуло демекчимин

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM