Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда коронавирусту жеңгендердин саны 15 миң 851ге жетти

Кыска кабар | 22 Июл 2020 | 420 | 0

Кыргызстанда коронавирус жана пневмонияны жеңип чыккандардын саны 15 миң 851ге жетти. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Саламаттыкты сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Акыркы бир суткада илдеттен 984 бейтап айыгып, ооруканалардын чыкты.

Өлкөдө коронавирус жуктургандар (пневмонияны эске алганда) 29 миң 359га жетти. Бул илдеттен өлкө боюнча 1123 бейтап көз жумду.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM