Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда коронавирустун 1108 жаңы учуру катталды

Кыска кабар | 22 Июл 2020 | 367 | 0

Бүгүн, 22-июлга карата Кыргызстанда коронавирустун 1108 жаңы учуру катталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Бишкек шаарында 324 учур, Ош шаарында – 112, Чүй облусу – 176, Ош облусу — 110, Талас облусу — 61, Нарын облусу – 35, Ысык-Көл облусу – 229, Жалал-Абад облусу – 93, Баткен облусунда 58 учур катталды.

Өлкөдө коронавирус жуктургандардын жалпы саны (пневмонияны эске алганда) 29 миң 359га жетти.

Учурда ооруканаларда 12 миң 563 бейтап коронавирус жана пневмониядан дарыланууда.

Ошол эле учурда акыркы бир суткада COVID-19 илдетинен 984 бейтап айыгып, ооруканалардан чыгарылды.

-Бишкек шаары – 343;
-Чүй облусу – 62;
-Ош облусу – 65;
-Талас облусу – 71;
-Нарын облусу – 70;
-Ысык-Көл облусу – 134;
-Жалал-Абад облусу – 147;
-Баткен облусу – 27;
-Ош шаарында 65 бейтап илдеттен сакайып, ооруканадан чыгышты.

Коронавирустан айыккандардын жалпы саны 15 миң 851 кишини түздү.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM