Биз менен байланышыңыз

Чек арадагы коррупция тууралуу айткан Талгат Аланов көз жумду

Кыска кабар | 22 Июл 2020 | 888 | 0

Мамлекеттик чек ара кызматынын Ош облусу боюнча башкармалыгынын улук офицери болуп иштеген Талгат Аланов каза болду. Жакындарынын айтымында, анын жүрөгү кармап, ооруканага жетпей көз жумган.

38 жаштагы Талгат Аланов Мамлекеттик чек ара кызматындагы коррупциялык иштер жөнүндө айтып чыккан. Анын негизинде сотко чейинки өндүрүш ачылып, айтылгандарды текшерүү үчүн курамына УКМКнын тийиштүү түзүмдүк бөлүмдөрүнүн кызматкерлери кошулган ыкчам тергөө тобу түзүлөрү айтылган.

Мындан тышкары, ушул жылдын 30-январында Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев подполковник Талгат Алановду кабыл алган. Андан алынган материалдар сотко чейинки өндүрүштөгү материалдар менен жалпылоо үчүн Аскер прокуратурасына жөнөтүлгөн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM