Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанга Орусиядан аскер медициналык кызматкерлери келди

Кыска кабар | 22 Июл 2020 | 568 | 0

Коронавирус менен күрөшүүгө жардам берүү үчүн Кыргызстанга Орусиядан аскер медициналык кызматкерлери келди. Өкмөттүн маалыматына караганда, медициналык кызматкерлерди Орусиянын Коргоо министрлигинин атайын учагы «Кант» авиабазасына жеткирген. Атайын учак менен керектүү жабдыктар жана дары-дармектер да алып келинген.

20 кишиден турган медициналык топ кыргызстандык аскер дарыгерлер менен бирге аскер кызматкерлерине, алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө жана аскер ардагерлерине кеңеш, практикалык түрдө жардам көрсөтүшөт.

Орусиялык адистер өлкөнүн эки шаарынын госпиталдарында, тагыраак айтканда, төрт топ Бишкекте, эки топ Ош шаарында иштешет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM