Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанга дагы 176 жасалма дем алдыруучу аппарат алынып келинди

Кыска кабар | 21 Июл 2020 | 424 | 0

Премьер-министр Кубатбек Боронов 21-июлдагы брифинг учурунда, Кыргызстанга жасалма дем алдыруучу 176 аппарат келип түшкөнүн да кабарлады. Учурда өлкөдө өпкөнү жасалма дем алдыруучу 573 аппарат бар. Анын 270и Бишкекте, калгандары аймактарга бөлүштүрүлгөн.

Коронавирус башталган күндөн баштап 220 аппараттын жетишсиздиги айтылган. Бүгүнкү күндө жасалма дем алдыруучу 176 аппарат ар кайсы жактан келип түштү. Ошондой эле 1 миң 200 кычкылтек концентратору, 2 миң пульсоксиметр жана жеке коргонуучу каражаттар сатылып алынган, — дейт Боронов.

Мындан тышкары, гуманитардык жардамдар аркылуу да медициналык каражаттар алып келинүүдө.

Буга чейин Саламаттыкты сактоо министрлигинин коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова, Кыргызстан дагы 220 ИВЛ аппаратына муктаж экенин айткан.

Кыргызстанда 21-июлга карата коронавирус жуктурган учурлардын жалпы саны 28 миң 251ге жетти. Илдеттен 14 миң 776 жаран айыгып, 1079 бейтап каза болду.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM