Биз менен байланышыңыз

Жакынкы күндөрү Кыргызстанга жеткириле турчу дарылардын тизмеси

Кыска кабар | 21 Июл 2020 | 348 | 0

21-июлдан тарта Шанхай-Бишкек каттамы менен бир топ дары-дармектин партиялары алып келинет. Бул тууралуу өкмөт башчы Кубатбек Боронов маалымат жыйынында кабарлады.

Анын айтымында, 42 миң 920 даана эноксапарин, 33 миң даана надропариндин партиясы келет.

Ошондой эле Индиядан 8 тонна дары каражаты жана айдын аягында 25 миң гепарин, 10 миң цефепим, 36 миң цетазидим дарылары келери күтүлүп жатат.

Августун башында 30 миң цефепим, 75 миң гепарин дарылары алып келинет.

25-июлга чейин фармацевтикалык субъектилер тарабынан төмөнкү препараттардын келүүсү күтүлүп жатат:

-Фраксипарин (нандропарин) 1000 таӊгакча;
-Эноксапарин 8954 таӊгакча;
-Гепарин 13000 таӊгакча;
-Ривароксабан 500 таӊгакча;
-Ар кандай топтогу антибиотиктер 46250 таӊгакча;
-Пропофол 2500 таӊгакча;
-Суксаметоний 6000 таӊгакча;
-Парацетамол 100 000 таӊгакча;
-Аскорбинка 200 000 таӊгакча.

25-июлга чейин ошондой эле антибиотиктердин 26 990 таӊгакчасы келет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM