Биз менен байланышыңыз

Бишкектеги өлүкканада пара талап кылуу фактысы катталды

Кыска кабар | 21 Июл 2020 | 771 | 2

Бишкектеги өлүкканада маркумдардын туугандарынан акча талап кылган фактылар катталды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат кабарлады.

Буга чейин социалдык тармактарда өлүккананын кызматкерлерине 167 миң сом төлөгөнүн айткан жарандын билдирүүсү тараган. Ошондой эле жергиликтүү маалымат каражаттарына кайрылып, өлүкканадагы пара талап кылуу көрүнүштөрү тууралуу айткандар болду.

Финансы полициясынын маалымат кызматына бул көрүнүштөр тууралуу жашыруун билдирүүлөр түшкөн. Кылмышка Республикалык патолого-анатомиялык бюронун кызматкерлери шектелүүдө. Мекеменин маалыматына караганда, каза болгон туугандарын сойдургусу келбеген жарандардан, ошондой эле сөөктү кезексиз алып кетүү үчүн пара сураган кызматкерлер болгон.

Финасы полициясы бул фактылар боюнча Жазык кодексинин 238-беренесине («Кызматкердин мыйзамсыз түрдө сый акы алуусу”) ылайык сотко чейинки өндүрүштү баштады.

2 пикир

2 пикир

  1. Токур

    21.07.2020 17:36

    Корупция эч нерседен коркпойт, бир нерседен коркот ал олум жазасы, атып салуу керек

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM