Биз менен байланышыңыз

Кыргызстандык 3 окуучу «Менделеев» олимпиадасында медалдарды утушту

Кыска кабар | 21 Июл 2020 | 325 | 0

Кыргызстандык окуучулар Менделеев олимпиадасына катышып, күмүш жана коло медалдарга ээ болушту. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова кабарлады.

Быйыл Менделеев Эл аралык олимпиадасы Венгриянын Будапешт шаарында өткөрүлмөк. Пандемияга байланыштуу олимпиада онлайн форматта өттү. Ага 20дан ашык өлкөнүн мектеп окуучулары катыша алышты.

Кыргызстандан 4 окуучу барып, алардын үчөө байгелүү орундарга ээ болушту.

Каракол шаарындагы Х. Карасаев атындагы Ысык-Кѳл лицейинин окуучусу Нурсултан Соодонбеков  – 2-орунга ээ болуп, күмүш медаль алды, Камиль Кубанычбек  — 3-орунга татып, коло медаль утту. Мындан тышкары, Ч. Айтматов атындагы Бишкек лицейинин 10-классынын окуучусу Камил Мамбетов коло медалдын ээс болду.

«Менделеев» Эл аралык олимпиадасы жылына химия предмети боюнча өтүлүп, ага КМШ, Балтика, Түштүк Чыгыш Европа өлкөлөрүнүн мектеп окуучулары катышышат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM