Биз менен байланышыңыз

Мамбетов: «Семетей» обсервациясында 462 бош орун бар

Кыска кабар | 21 Июл 2020 | 362 | 0

«Манас» эл аралык аэропортунун аймагындагы «Семетей» обсервациясында 462 бош орун бар. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин статс-катчысы Азамат Мамбетов маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, обсервацияда 173 медициналык кызматкер иштөөдө, алардын 62си дарыгер, 111и медайым.

«Семетей» обсервациясында 1302 орун даярдалган. Андан сырткары, 50 орунга ылайыкташкан реанимациялык бөлүм уюшулган. Ал жерде 152 кычкылтек концентратору, СИПАП аппаратынан 50 даана, жасалма дем алдыруучу 2 аппарат, Бобров аппаратынан 27 даана жана 8 кубга толтурулган суюлтулган кычкылтек бар. Бүгүнкү күндө эки корпуста толугу менен суюлтулган кычкылтек берилип жатканы кабарланды.

Мамбетов кошумчалагандай, жергиликтүү бийлик органдары менен биргеликте бүгүнкү күндө 22 миң 247 орундуу стационар  медициналык жабдыктар менен камсыздалган. Ал эми күндүзгү стационарларда 12 миң 340, түнкү стационарларда 308 орундук даярдалган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM