Биз менен байланышыңыз

9 судьянын талапкерлиги жактырылып, бири артка кайтарылды

Кыска кабар | 21 Июл 2020 | 445 | 0

Судьяларды тандоо боюнча кеңеши президенттин кароосуна судьялык кызмат орундарына дайындоо үчүн 10 талапкер боюнча сунуш берген. Алар Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотуна дайындалат.

Тийиштүү мамлекеттик органдар тарабынан талапкерлерге карата берилген материалдарды эске алуу менен президент судьялык кызматка 9 талапкерди жактырды. 1 талапкер боюнча ар кайсы мамлекеттик органдардан суралган кошумча маалыматтарды жана пикирлерди карап чыгып, анын талапкерлигин артка кайтарды.

Жергиликтүү соттордун судьялык кызматтарына 9 талапкерди дайындоо боюнча Жарлык кабыл алынды.

Жаңы дайындалган соттордун аты-жөнү:

— Боромбаев Абдуразак Эсентаевич;

— Жаныбек кызы Венера;

— Исаева Кундус Кедейкановна;

— Каипов Эмилбек Өскөнбаевич;

— Калыбаев Алмаз Жээнкулович;

— Сатарова Айнура Мелисовна;

— Сыдыков Марат Райымбекович;

— Термечиков Мирлан Арстанбекович;

— Уметова Айгүл Таштанбековна.

Бул Жарлык кол коюлган күндөн тарта күчүнө кирет.

24.kg маалымат агенттиги президент кабыл албаган талапкер Биринчи май райондук сотунун судьясы Айбек Эрнис уулу экенин жазды.

Эске салсак, 13 жаштагы кызга ыдык көрсөтүлгөн окуя боюнча ишти судья Айбек Эрнис уулу ыйгарым укугу жок болсо да карап, 13 жаштагы кызды зордуктоого шектелген адамга карата «үй камагына алуу» түрүндө баш коргоо чарасын тандаган. Муну менен ал сексуалдык мүнөздөгү зордук-зомбулук көрсөтүү-оор кылмыш кылгандардын жазасы 5 жылдан ашкан мөөнөткө эркинен ажыратылат жана камакка алынат деген ченемди четке какканын Акыйткатчы институту айтып чыккан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM