Биз менен байланышыңыз

«Ишкерлик субъектилерди каржылоонун» алкагында 4,2 млрд сом бөлүндү

Кыска кабар | 21 Июл 2020 | 385 | 0

Кыргыз өкмөтү буга чейин жактырылган «Ишкерлик субъектилерин каржылоо» программасын ишке ашыруу үчүн коммерциялык банктарга 4,2 млрд сом бөлдү. Анын ичинде Финансы министрлиги тарабынан 2,2 млрд сом жана Улуттук банк тарабынан кредиттик аукциондор аркылуу 2 млрд сом бөлүнгөн.

Бул программа экономикалык жана социалдык туруктуулукту калыбына келтирүүгө, коронавирус инфекциясынын жайылуу шарттарында бизнести колдоого багытталган.

«Ишкерлик субъектилерин каржылоо» программасынын алкагында бөлүнгөн акча — сатып алууга, жаңылоого, негизги каражаттарды кеңейтүүгө жана модернизациялоого, жүгүртүү каражаттарын кредиттөөгө, ошондой эле насыяны кайра каржылоого багытталат.

Өкмөттүн маалыматына караганда, электрондук эсеп-фактуралар, программалык ККМ, товарларды маркалоо системаларын колдонгон ишкерликтерге жеңилдетилген насыялар берилет.

20-июлда Финансы министрлиги «Ишкерлик субъекттерин каржылоо» программасынын алкагында 8 коммерциялык банкка 1,4 млрд сом бөлдү:

«Айыл Банк» ААК 350 млн сом
«РСК Банк» ААК 350 млн сом
«Бакай Банк» ААК 210 млн сом
«Оптима Банк» ААК 200 млн сом
«Кыргызстан Коммерциялык Банкы» 120 млн сом
«Кыргыз Инвестициялык-Кредиттик Банк» ЖЧК 120 млн сом
«Банк Бай Түшүм» ААК 30 млн сом
«Финанскредитбанк» ААК 25 млн сом

Буга чейин Финансы министрлиги коммерциялык банктар үчүн жалпы суммасы 840 млн сомго 2 аукцион өткөргөн, анын жыйынтыгында 6 коммерциялык банк ишкердик субъектилеринн жеңилдетилген насыя берүү үчүн каражат алышкан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM