Биз менен байланышыңыз

Жумабеков Новопавловкадагы күндүзгү стационардын ачылышына көмөктөштү

Кыска кабар | 21 Июл 2020 | 396 | 0

Бишкектин Ак-Ордо конушундагы Новопавловка айылында күндүзгү стационар ачылды. Ал жерге Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабековдун колдоосу менен 25 койка-орун даярдалып, медициналык персонал жана тийиштүү жабдыктар берилди. Мындай маалыматты парламенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Ал жерде иштеген медперсоналдын айлык акысын да Жогорку Кеңештин төрагасы каржылайт.

Жумабеков мындан тышкары, Кызыл-Аскердеги “Арал” кафесинин аймагына стационар ачууга көмөктөшкөн. Учурда анда 3 миңдей жаран медициналык жардам алышты.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM