Учурда өлкөдө дарыларга болгон суроо-талап өсүп, баасы эки эсе көтөрүлүп, мамлекет тарабынан жөнгө салынбай, башаламандык күчөп жатат. Дары-дармектин жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу боюнча Өкмөт өзүнүн милдетин аткара алдыбы? Мамлекеттик дарыканаларды ачуу маселени чечеби?
Мамлекеттик дарыканаларды ачуу долбоору боюнча иштер жүрүп жатат
Учурда мамлекеттик дарыканаларды ачуу боюнча иштер жүрүп жаткандыгын Саламаттыкты сактоо министрлигинин дары-дармек саясаты боюнча башкармалыгынын жетектөөчү адиси Айгүл Жакубекова билдирди.
Анын айтымында, учурда Өкмөттүк Аппарат менен Саламаттыкты сактоо министрлигинин тиешелүү адистери биргеликте аталган долбоордун үстүндө иштеп жатышат.
— Биз учурда Орусиянын, Казакстандын, башкача айтканда, КМШ өлкөлөрүнүн тажрыйбаларын карап жатабыз. Себеби, биздин система КМШнын системасына туура келет. Бул деген 1-2 күндө чечилип калчу иш эмес. Өзүнүн регламенти менен ишке ашат, — деди Жакубекова.
Ошондой эле ал мамлекеттик аптекаларды куруу боюнча долбоор даярдалып бүткөндөн кийин коомдук талкууга чыгарыла турганын кошумчалады.
Мамлекеттик дарыканаларды ачуу керекпи?
Ар бир дарыкананын өзүнүн кампасы болушу керек. Ошондой эле дарыларды сактоонун өзүнүн тиешелүү стандарттары болот. Кээ бир дарылар, вакциналар ар кандай температурага, шарттарга сезимтал келет. Ошондуктан дары өндүрүлгөндөн баштап, акыркы колдонуучуга чейин сапаты менен жеткирүүчү логистиканы куруу оңой жол эмес жана көп эмгекти талап кылат.
Мамлекеттик дарыканалар дарыларды ташуу, сактоо эрежелери, сапаты, керектүү иш-аракеттер жагынан эң аз дегенде жеке менчик дарыканалардан кем эмес кылып ачылышы керектигин мурдагы Саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев айтты.
Ал билдиргендей, мамлекеттик дарыканаларды куруу оңой эмес. Бирок, бир жерден куруп башташ керек.
— Дайыма эле кыйын учурларда монополист фармкомпаниялардын оозун карабай, мамлекеттин өзүнүн саясатын жүргүзө турган мүмкүнчүлүгү болуш керек, — деди Батыралиев.
Ошондой эле ал жеке менчик дарыканалардын социалдык тармактардан активдүү экендигин айтып, мамлекеттик ишканаларга караганда ыкчам, тез жана сапаттуу иш алып бара тургандыгын кошумчалады.
Эксперт: Кандай мамлекеттик ишкана ачылбасын банкрот болот
Мамлекет эң аз дегенде ооруканаларды бекер дары-дармек менен камсыз кылып, бүгүнкү күндөгү дарыларга болгон таңкыстыкты чечсе болмок. Ошондой эле чет өлкөлөрдөн алынып келген дарыларды мамлекеттик деңгээлде сатып алса, жеке жактар сатып алганга караганда бир кыйла арзан баада болуп, элдин сатып алуусуна жеңилдик түзүлмөк.
Мындан сырткары, Кыргызстанда дары-дармектерди сатуу боюнча алектенген ири 15 компаниянын дары сатып алууга салган акчасы чектелүү болгондуктан, алардын дары менен толук камсыз кылууга мүмкүнчүлүгү жок экендигин акыркы абал көрсөттү. Бул абалдан чыгуу үчүн мамлекет жеке ишкерлерге үстөк пайызы жок насыя берүү менен дары сатуу боюнча өзүнүн шарттарын коюп келишим түзсө, азыркы абалдан чыгууга оңой болмок. Ошондо, ар бир жеке дарыканада мамлекеттин акчасына алынган дарылардын бурчу түзүлүп калмак. Ошол эле учурда, жеке компаниялар дарылардын үстүнө 5-10% кошуп сатууга макул болушмак.
Кандай мамлекеттик ишкана ачылбасын, алардын көпчүлүгү банкротко учурай тургандыгын медицина боюнча эксперт Айбар Султангазиев билдирди.
Анын айтымында, мамлекет тарабынан бир нерсе өткөрүлгөндө жана ачылганда алардын баары банкрот эле болуп келе жатышат. Ал эми жеке ишканалар бул жаатта ийгиликтерди көрсөтүп келүүдө.
Мамлекеттик дарыканаларды ачуу кандай этаптардан турат?
Мамлекеттик дарыканаларды ачыш керек деп айтуу Өкмөткө оңой болгону менен аны ишке ашыруу бир канча этаптардан турат. Эң негизги аткарылышы керек болгон иш аракеттер төмөнкүлөр:
— Дарыканалар үчүн жана дарыларды сактоо үчүн имарат жана кампа даярдалышы керек;
— Лицензия алынуусу керек;
— Керектүү дарылар менен дарыканаларды толтуруш керек;
— Бюджеттен жетиштүү каражат бөлүнүшү керек.
Эмне үчүн дарылардын баасы мамлекет тарабынан жөнгө салынбайт?
Кыргызстан эгемендик алган жылдардан бери эле дары-дармектерге карата баалар мамлекет тарабынан бир тараптуу жөнгө салынган эмес. 2019-жылдын ноябрь айында дары-дармектердин жүгүртүлүшүн камсыз кылуу боюнча мыйзамга ылайык, өкмөт жашоого зарыл болгон 300гө чукул аталыштагы дарылардын баасын чектөө боюнча токтом кабыл алган. Бирок бул токтомдун реалдуу ишке ашпай калганын бүгүнкү абал далилдеп койду.
Фармацевтика бизнесинин көпчүлүгү чиновниктерге, башкача айтканда, Өкмөттүн өкүлдөрүнө, Жогорку Кеңештин депутаттарына жана алардын туугандарына тийиштүү экендиги буга чейин айрым маалымат булактарында жарыяланган. Мына ошого байланыштуу аптекаларды көзөмөлдөөгө бийликтин алы келбей, мыйзам ишке ашпай келет.
Буга чейин Монополияга каршы күрөшүү кызматы Бишкектеги аптекалардагы баалар боюнча эки жолу рейд өткөргөн. Андан кийин кандай иш-чараларды жүргүзүп жаткандыгы белгисиз. Ошол эле учурда бир туугандары монополист дары-дармек компанияларга ээлик кыла тургандыгы айтылып жүргөн Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков Бишкек шаарындагы айрым дарыканаларды кыдырып, аларда сатылып жаткан дарылардын наркынан кабар алган болчу. Бирок, бүгүнкү күнгө чейин дарылардын баасын негизсиз кымбаттаткандарга карата эч кандай чара көрүлбөй келет.
Дары-дармектердин жеткиликтүүлүгүн камсыз кылууга ким жооптуу?
Кыргыз өкмөтү коронавирустук пандемиянын курч кырдаалы учурунда элди дары-дармектер менен толук камсыздай алган жок. Ал эми коңшу Өзбекстан карантин учурунда алдыдагы үч айга жете турган дары-дармек менен камсыз болгондугун чет элдик басылмалар жазган.
Калкка дары-дармектин жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу боюнча жоопкерчиликтүү болгон вице-премьер-министр Аида Исмаилова апрель айынан бери бюджеттен акча каражатын бөлдүрүп, Мамлекеттик материалдык резервдер фондунда кошумчасы менен даярдашы керектигин медицина боюнча эксперт Айбар Султангазиев айтып өттү.
Анын айтымында, коронавирус менен күрөшүүдө кайсы дары-дармектер керек болуп жатканы алдын ала баарына белгилүү болгон.
— Жок дегенде бир миллиард сомго дарылардын запасын даярдаса болмок. Анын жарымын ооруканаларга бекер таратса, жарымын аптекаларга сатса, дарылар бүгүнкү күндөгүдөй кымбат болмок эмес, — деди Султангазиев.
Ошондой эле, ал дары-дармектердин жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу боюнча Саламаттыкты сактоо министрлиги да президентке жана өкмөткө «баардыгы даяр» экендигин айтып туура эмес маалымат беришкендигин кошумчалады.
Мындан сырткары, ал Каржы министрлигинен да өз убагында акча каражатын бөлүнбөгөндүгү себеп болгонун сынга алды.
Кыргызстан дары завод кура алабы?
Негизинен, дүйнөдө дары өндүргөн компаниялар колдонуучулардын рыногунун чоңдугуна карап завод курат. Ошол эле учурда экспорт кылуу мүмкүнчүлүктөрүнө маани беришет. Кыргызстанга коңшу мамлекеттер Казакстан, Орусия, Кытай, жакын болгон Белорусия, Индия, Пакистан, ошондой эле Европа өлкөлөрү жана Америка дары менен камсыз кылуу боюнча дүйнөнү бөлүп алышкан.
Ошол эле учурда, завод куруу үчүн чоң суммадагы каражат талап кылынат. Аны курууга мамлекеттин мүмкүнчүлүгү барбы деген суроо жаралбай койбойт.
Мындан сырткары, Кыргызстанда дары-дармектерди өндүрүү үчүн биотехнолог, химик, инженер жана башка керектүү адистердин жетишсиздигин да эстен чыгарбаш керек.