Биз менен байланышыңыз

Малик Аликеев жакында ооруканадан чыгат

Кыска кабар | 20 Июл 2020 | 607 | 0

Белгилүү ырчы Малик Аликеевдин эки жолку операциясы ийгиликтүү жыйынтыкталды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлиги кабарлады.

Малик Аликеев Бишкек шаарындагы №4 оорукананын Травматология жана ортопедия бөлүмүндө дарыланып жатат. Буга чейин ырчыга жамбаш сөөгүнө операция жасала тургандыгы айтылып, дарылоону Маданият, маалымат жана туризм министрлиги көзөмөлгө алган.

Учурда Малик Аликеевдин жамбаш сөөгүнө эки жолу операция жасалып, ал ийгиликтүү жыйынтыкталды. Жакынкы күндө ырчы ооруканадан чыгып, чыгармачылыгы менен алектенет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM