Биз менен байланышыңыз

Кыргызгидрометтин мурдагы директору Зарылбек Итибаев каза болду

Кыска кабар | 20 Июл 2020 | 928 | 0

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Кыргызгидромет борборунун мурдагы директору Зарылбек Итибаев 57 жаш курагында дүйнөдөн кайтты.

Зарылбек Итибаев 1963-жылдын 20-апрелинде Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Октябрьское айылында туулган.

2009-жылдын 8-июлунан 2019-жылдын 18-мартына чейин Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Гидрометеорология боюнча агенттигин жетектеп келген.

Зарылбек Сагындыкович өз элинин мекенчил уулу, чынчыл, боорукер жана эмгекчил инсан эле. Анын жаркын элеси биздин жүрөгүбүздө ар дайым сакталат. Артында калган жубайына, уул-кыздарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз, -деп айтылат Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин билдирүүсүндө.

З.М.Аскаров, А.М.Мамбетов, Д.К.Алимбеков, К.О.Ахматов,Р.Р.Рысбаев, Б.Ж.Оторбеков, А.Т.Бекилов, А.Ж.Раманкулова, Асанбай кызы М. жана Кыргызгидрометтин жамааты.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM