Биз менен байланышыңыз

Бишкекте бир аптада 40ка жакын мас айдоочу кармалды

Кыска кабар | 20 Июл 2020 | 404 | 0

Бишкекте 12-19-июль күндөрү 539 жол эрежесин бузуу фактысы катталды. Милициянын кайгуул кызматынын маалыматына караганда, бир жума ичинде 39 айдоочу мас абалында кармалган.

Мындан тышкары, 4 айдоочу алдыңкы жана каптал айнектерин караңгылатып алганы аныкталды. 21 автоунаа ээси айдоочулук күбөлүгү жок унаа айдашкан, ошондой эле ар түрдүү 475 жол эреже бузуулары катталды.

Айып аянтчасына 169 унаага айып коюлган — анын ичинен 79 унаа эвакуатор менен чыгарылган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM