Биз менен байланышыңыз

Баткендеги «Исфана» аэропорту оңдолуп бүттү (сүрөт)

Кыска кабар | 20 Июл 2020 | 1242 | 2

Баткен облусунун Лейлек районуна караштуу Исфана шаарындагы «Исфана» аэропортунда реконструкциялоо иштери аяктады. Мындай маалыматты өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгү кабарлады.

Аба майдандын аэродромун оңдоо долбоору толугу менен аягына чыгып, сертификациялоодон кийин аэропорт кайрадан учактарды кабыл алууга даяр болот. Долбоордун алкагында аба майдандын учуп-конуу тилкесинде 75 миң чарчы метр асфальт бетон төшөлдү. Учуп-конуу тилкесинин жалпы узундугу 1735 метр, ал эми туурасы 35 метрди түздү.

Мындан тышкары, 2019-жылы 553 чарчы метр болгон жаңы аэробекет курулган, ичинде жүргүнчүлөр үчүн бардык ыңгайлуу шарттар түзүлгөн, алар – каттоочу орундар, жүргүнчүлөрдүн коопсуздугу үчүн текшерүүчү аппараттар, жүк лентасы, эне-бала бөлмөсү жана башкалар.

«Исфана» аэропорту 1974-жылы пайдаланууга берилген. Совет мезгилинде ал Як-40, Ан-24, Ан-26, Ан-28, BAE-146-200 сыяктуу учактарды жана тик учактардын бардык түрлөрүн кабыл алган. Аэродромдо бир асфальт бетондолгон учуп-конуу тилкеси бар.

Аэробекет комплекси күндүз ички каттамдарды тейлөө үчүн ылайыкташтырылып курулган.

Аэробекетке акыркы жолу 2007-жылы капиталдык оңдоо жүргүзүлгөн.

2 пикир

2 пикир

  1. Жамалидин

    21.07.2020 10:13

    Молодцы, сөз жок.

  2. Эльмира

    21.07.2020 14:17

    Жакшы иш чара болуптур, айрыкча биздин борбордон алыс жайгашкан районубуз учун.

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM