Биз менен байланышыңыз

Жогорку окуу жайларга онлайн кабыл алуу боюнча керектүү номурлар жана даректер

Кыска кабар | 20 Июл 2020 | 973 | 0

Бүгүн, 20-июль күнү Кыргызстандын жогорку окуу жайларына онлайн кабыл алуу башталды. Абитуриенттер Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан иштелип чыккан https://2020.edu.gov.kg/ системасына катталып, каалаган адистик жана окуу жайына тапшыра алат.

Онлайн кабыл алуу пандемия учурунда абитуриенттердин коопсуздугун камсыздайт жана алардын жогорку окуу жайларга массалык топтолуусуна жол бербейт.

Жогорку окуу жайларга тандоонун жана кабыл алуунун үч турун өткөрүү каралган:

  • 1-тур – 20-22-июль, саат 14:00гө чейин – сынакка катышуу үчүн өтүнмөлөрдү берүү;
  • 2-тур – 27-29-июль, саат 14:00гө чейин — сынакка катышуу үчүн өтүнмөлөрдү берүү;
  • 3-тур – 3-5-август, саат 14:00гө чейин — сынакка катышуу үчүн өтүнмөлөрдү берүү;

Ар бир тур аяктагандан кийин үч күндүн ичинде кабыл алууга сунушталган абитуриенттер окууну каалоосун тастыктоосу зарыл.

Белгилей кетсек, кесиптик окуу жайларга да кабыл алуу быйыл онлайн түрүндө башталды. Бул үчүн «Кыргызстандын колледждерине онлайн кабыл алуу системасы —  http://www.spuz.edu.gov.kg/” иштелип чыкты.

Онлайн кабыл алууга байланыштуу суроолор жаралса, Билим берүү жана илим министрлигинин төмөндөгү ыкчам байланыш номурларына чалып, керектүү маалыматтарды алсаңыздар болот:

  • 1919;
  • 996 772 608 004;
  • 996 772 667 104;
  • 996 704 925 131;
  • 996 709 652 418;

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM