Биз менен байланышыңыз

Бир суткада коронавирустан 781 адам айыкты

Кыска кабар | 20 Июл 2020 | 260 | 0

Кыргызстанда 20-июлга карата COVID-19 илдетинен (пневмонияны эсепке алганда) 781 адам айыкты. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев маалымат жыйынында кабарлады.

Анын ичинде:

— Бишкек шаарында – 273 бейтап айыкты;
— Чүй облусунда – 71;
— Ош облусунда – 251;
— Талас облусунда – 30;
— Нарын облусунда – 25;
— Ысык-Көл облусунда – 29;
— Жалал-Абад облусу – 40;
— Баткен облусунда – 15;
— Ош шаарында 47 киши оорудан айыкты.

Коронавирусту жеңгендердин жалпы саны 13 миң 109га жетти.  Учурда коронавирус жуктурган жана пневмонияга кабылган учурлардын саны 27 миң 143тү түзүүдө. Каза болгондордун жалпы саны 1037 кишини түзөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM