Биз менен байланышыңыз

Кыргызстандык эки тасма Шанхай кинофестивалында көрсөтүлөт

Кыска кабар | 20 Июл 2020 | 498 | 0

Кыргызстандык эки тасма «Шанхай» эл аралык кинофестивалында көрсөтүлөт. Анын «Спектр-Алтернатива» программасында кинорежиссер Артыкпай Сүйүндуковдун «Шамбала» тасмасы катышат. Фестивалдын алкагында тасма 25-26-31-июль күндөрү көрсөтүлөт. ⠀

«Шамбала» тасмасы жазуучу Чыңгыз Айтматовдун «Ак кеме» повестинин негизинде тартылды. Тасмадагы Шамбала адам баласын душмандардан сактап, аны өзүнүн сүтү менен эмизген Бугу жөнүндө илгерки мифке ишенип жашайт. Бирок убакыттын өтүшү менен адамдар марал тукумун кырып салышканына карабастан, бугу алар жакка кайра кайтып келет деп ишенет. ⠀

Мындан тышкары, Эмил Атагелдиевдин «Көл» тасмасы да Шанхай кинофестивалынын расмий программасына «Азиянын жаңы таланттарынын сынагы» номинациясында катышат.

«Шанхай» эл ралык кинофестивалы дүйнөдөгү FIAPF категориясынан өткөн алдыңкы 15 кинофестивалдын катарына кирип, быйыл 23- ирет өтүп жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM