Биз менен байланышыңыз

ӨКМ: Кара-Балтада катуу шамал үйлөрдүн чатырын учурду

Кыска кабар | 20 Июл 2020 | 218 | 0
Сүрөт интернеттен алынды

Кара-Балта шаарында 19-июль күнү ылдамдыгы болжол менен секундасына 28 метрге жеткен шамал катталды. Анын кесепетинен 4 турак үйдүн 203 чарчы метр чатырын, Аюу-Таш кафесинин 250 чарчы метр чатырын жана 2 чарбалык курулуштун 210 чарчы метр чатырын учуруп кеткен. Жабыркагандар жок.

Жерине ӨКМдин Жайыл райондук бөлүмүнүн ыкчам тобу барып, тактоо иштерин жүргүзүшкөн. 20-июль күнү Жарандык коргонуу комиссиясы тарабынан кошумча тактоо иш-чаралары жүргүзүлөт.

Кыргызгидромет Чүй өрөөнүндө ылдамдыгы секундасына болжол менен 15-20 м/с жеткен шамал катталышы мүмкүн деп шашылыш билдирүү тараткан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM