Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда бир суткада 611 кишиден коронавирус аныкталды

Кыска кабар | 20 Июл 2020 | 262 | 0

Бүгүн, 20-июлга карата Кыргызстанда коронавирустун 611 жаңы учуру аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев маалымат жыйынында кабарлады.

Бир сутка ичинде COVID-19 U07.1 жана U07.2 катталган жаңы учурлар:

— Бишкек шаарында — 300;
— Ош шаарында – 77;
— Чүй облусунда – 92;
— Ош облусунда — 55;
— Нарын облусунда – 5;
— Ысык-Көл облусунда – 12;
— Жалал-Абад облусунда – 36;
— Баткен облусунда 34 учур катталды.

Өлкөдө коронавирус жуктуруп алган адамдардын жалпы саны (пневмонияны эске алганда) 27 миң 143кө жетти.

Бир сутка ичинде COVID-19 илдетинен (пневмонияны эсепке алганда) айыккандардын статистикасы:

Бишкек шаарында – 273;
— Чүй облусунда – 71;
— Ош облусунда – 251;
— Талас облусунда – 30;
— Нарын облусунда – 25;
— Ысык-Көл облусунда – 29;
— Жалал-Абад облусу – 40;
— Баткен облусунда – 15;
— Ош шаарында 47 бейтап айыкты.

Жалпысынан бир сутка ичинде өлкө боюнча 781 адам айыкты. Коронавирусту жеңгендердин жалпы саны 13 109га жетти.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM