Биз менен байланышыңыз

Селден улам Нарын — Өрүк-Там жолу жабылды

Кыска кабар | 20 Июл 2020 | 218 | 0

Нарын районунда сел жүрүп Нарын — Өрүк-Там жолу жабылып калганын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.

19-июль күнү катуу жаан жаап, анын кесепетинен кокту-колоттордон келген сел суулары унаа жолдун 50-55 чакырым аралыгын жууп, унаа жол эки тараптуу жабылып калган.

Кыргызгидромет борбору буга чейин 18-19-июлда өлкө аймагында туруксуз аба ырайы болорун, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо сел жүрүү коркунучу бар экенин билдирген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM