Биз менен байланышыңыз

Сары-Челекке барып эс алууга убактылуу тыюу салынды

Кыска кабар | 20 Июл 2020 | 512 | 0

Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгү Сары-Челек көлүнө барып эс алуу убактылуу токтотулгандыгын жана ушуга байланыштуу жолдун жабылганын кабарлады.

Мындай чечим аймакта жашаган элдин кайрылуусунун негизинде жергиликтүү калктын саламаттыгын коргоо, эпидемиянын алдын алуу максатында кабыл алынган.

Сары-Челек көлүнө кирүүгө чектөөлөр эпидемиологиялык абал жакшырганга чейин күчүндө болот.

Сары-Челек көлү Жалал-Абад облусундагы Аксы районунун аймагында деңиз деңгээлинен 1873 м бийиктикте жайгашкан. Узундугу 7,5 чакырымды түзүп, жалпы аянты 4,92 км2. Орточо тереңдиги 98 м (эң терең жери 234 м).

Тереңдиги боюнча Кыргызстанда Ысык-Көлдөн кийинки 2-орунда турат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM