Бүгүн, 20-июлда «Семетей» обсервациясына журналисттерге пресс-тур уюштурулат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
Анда ЖМК өкүлдөрүнө «Семетей» обсервациясындагы коронавируска каршы жасалган иш-чаралар тууралуу маалымат берилет.
Буга чейин интернет колдонуучулары «Семетей» обсервациясында премьер-министр барып кеткенден кийин медициналык жабдуулар сыртка ташылганын айтып, видео тараган.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги бул боюнча түшүндүрмө берип, кампадагы жабдыктарды «Семетей» госпиталынын реанимациялык бөлүмүнө ташып жаткан учур видеого тартылып калганын билдирген.
«Семетей» обсервациясындагы иш-чараларды уюштуруу жана материалдык-техникалык камсыздоо маселелерин чечүү аракеттери өзгөчө кырдаалдар министри Замирбек Аскаровдун жеке көзөмөлүндө болууда.