Кыргызстан мусулмандарынын азирети муфтийи Максатбек ажы Токтомушев 19-июлда Бишкек шаарындагы стационарлардын биринде ыктыярчы-медик кызматын аркалап жүрүп, бул дүйнө менен коштошкон студент Адинай Мырзабекованын үй-бүлөсүнөн кабар алып, Куран окуду.
Муфтий Адинай Мырзабекованын ата-энесине, туугандарына, досторуна терең кайгыруу менен көңүл айтып, Адинай өзүнүн эли, жери жана мекени үчүн ак кызматын кылгандыгын белгилеп, анын үй-бүлөсүн сабырдуулукка, кайраттуулукка чакырды. Ошондой эле жакын санаалаштары менен биргеликте Адинай Мырзабекованын ата-энесине 200 миң сом акчалай жардам көрсөттү.
Муну менен катар учурда өлкө боюнча мекендин тынчтыгы, элдин амандыгы үчүн түлөөлөр өткөрүлүп, Куран хатым кылынып жаткандыгын айтып, мамлекеттин бүтүндүгү, элдин саламаттыгы, ооруп жаткандардын тез арада айыгып кетүүсү үчүн дуба кылды.
Адинай Мырзабекова 16-июлда, борбор калаадагы стационарлардын биринде ыктыярчы-медик болуп иштеп жүрүп каза болгон. Ал И.Ахунбаев атындагы КММАнын студенти болчу.