Биз менен байланышыңыз

Президентти эмне кубантат? Кайрылуу

Кыска кабар | 18 Июл 2020 | 1615 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков 18-июлда «Биринчи радиого» берген маегинде журналисттин суроосуна жооп берип жатып, дарыгерлерге, кайрымдуу ишкерлерге, ыктыярчыларга ыраазычылык билдирди.

«Мени элибиздин кең пейилдиги кубантат. Ынтымак, биримдиги кубантат. Оор мезгилде биз — кыргыз эли өзүбүздү көргөздүк. Баары суктанып жатышат. Мамлекет кыйналып калганда биздин ишкерлерибиз, биздин ыктыярчыларыбыз, жалпы элибиз көтөрүлдү, «жабыла көтөргөн жүк жеңил болот» дегендей, мына мени ушул кубандырат.

Анан дарыгерлерибиздин баатырдыгы кубантат. Учурдан пайдаланып, биздин медиктерге башымды ийип, чын ниетимен дагы бир ирет таазим кылам!

Биздин элде алам дегенден, берем дегендер көп экендиги кубантат. Карантин киргенде, бардык ишканалар жабылып калганда биздин ишкерлерибиз, биздин жарандарыбыз, ыктыярчылар өздөрү чыгып, тамак-аш жетишпей жаткандарга үйүнө чейин барып, жардам берип жатты. Мына азыр дагы ооругандарга дары-дармек, медициналык жардам берип жатат. Ыктыярчылар кандай чоң күч экенин көрүп жатабыз.

Ишкерлерибиздин социалдык жоопкерчилиги, коомго болгон ак ниет мамилеси көрүндү! Мен ыктыярчыларыбызга терең рахмат айтам. Ар дайым элиңер менен болгула! Кылган ишиңер Кудайдан кайтат, кайтпай койбойт.

Дагы бир ирет айтам, урматтуу кыргыз элим, биз тарыхы терең элбиз. Далай кыйынчылыктарды жеңген элбиз. Кыйынчылык башка түшкөндө, бириге калган, ынтымактуу элбиз. Мына ушунубуз менен бардык кыйынчылыктарды, буйруса, Кудайдын колдоосу менен жеңебиз».

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM