Биз менен байланышыңыз

Президент жаштардын курал болуп калуусунан коркот

Кыска кабар | 18 Июл 2020 | 648 | 0

Президент элдин бийликке болгон нааразылыгын, элдин учурдагы ачуулуу маанайын туура кабыл аларын айтты. Ал «Биринчи радиого» курган маегинде:

«Мен түшүнүп турам, окуп, угуп жатам. Бардыгын билем. Азыр эл абдан ачуулуу. Көптөр өз жакындарын жоготту. Бул абдан оор нерсе. Муну айрым саясатчылар элдин пайдасына эмес, өз кызыкчылыгына пайдалангысы келгендер дагы жок эмес, биз ошого жол бербешибиз керек. Мыйзамдуу жол менен  бийликке келгиле, шайлоого катышкыла, эгерде  шайлоодон утсаңар, келип алып Өкмөттү курагыла деп айтып жатам», — деди.

Акыркы убакта социалдык тармактарда бийликке айтылган нааразылыктар күч алды. Айрыкча пандемия шартындагы көрүлгөн чабал аракеттер сындалып жатат. Мындан улам президенттин отставкасын талап кылгандар да бар.

Жээнбеков кээ бир саясий күчтөр пандемиянын кесепетинен жаралган кырдаалды пайдаланып жаткандыктан саясий чайкоочулукка жол бербөө, коомдогу туруктуулукту сактап калуу негизги милдети экенин айтты.

«Менин шайлоо өтүшү керек дегеним да ошол себептен. Шайлоо аркылуу бийликке келишсин, каалаганы. Аны эл чечет. Эл кимди шайласа, алар келип Өкмөттү курасын. Ал ошол парламенттин укугу. Көчөдөгү саясий чайкоочулук, бет тырмарлык менен эмес, мыйзамдуу жол менен келишсин» –деп айтылат президенттин сөзүндө.

Өлкө башчы жаштарга кайрылып, алардын жарандык активдүүлүгү өлкө үчүн жакшы көрүнүш экенин айтты.

«Бир гана тилек, кандай гана күрөш болбосун, чыдамкайлык менен укук талаасында, өзүнүн гана эмес, башканын да укугун сыйлоо менен алып баруу зарыл. Бирөөнүн колунда курал болуп калбоо керек. Жаш мекендештериме менин каалоом ушундай», -дейт президент.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM