Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, белгилүү оператор Мурат Алиев 17-июлда 72 жаш курагында оор оорудан каза болду.
Мурат Алиев 1948-жылы 10-декабрда Нарын шаарында туулган. 1979-жылы Москвадагы Бүткүл Союздук кинематография институтунун (ВГИК) кинооператордук факультетин аяктаган.
М.Алиевдин чыгармачылык жолу 1966-жылы «Кыргызфильм» киностудиясында оператордун ассистенттигинен башталат. Анын устаттары Марлест Туратбеков, Кадыржан Кыдыралиев, Нуртай Борбиевдер болгон. «Мен – Тянь-Щань», «Уркуя», «Мурас», «Көчө» ж.б. белгилүү тасмаларында келечектеги кинооператор тажрыйба топтогон.
М.Алиев 80-90-жж. «Кыргызфильм» киностудиясында иштеп жүрүп Г.Базаровдун «Биринчи», Б.Шамшиевдин «Снайперлер», «Фудзиямадагы кадыр түн», К.Акматалиевдин «Улуу Жибек Жолу» тасмаларында коюучу оператор болуп эмгектенет.
Ошол эле жылдары М.Алиев режиссер жана оператор катары отуздан ашуун даректүү тасмаларды жарыкка чыгарат.
М.Алиев Кыргызстандын гана искусствосу менен маданиятына салым кошпостон коңшу Казакстандын дагы кино өнөрүнө зор салымын кошуп келген. 2013-жылы Мурат Алиев «Шал» (Казакстан) тасмасындагы эмгеги үчүн Азия-Тынч океандык Киноакадемиясынын сыйлыгына «Мыкты оператордук эмгек» номинациясына талапкер болуп, киноакадемиянын мүчөсү болгон.
Улуттук киноискусствонун өнүгүүсүнө кошкон салымы үчүн 2011-жылы М.Алиевге Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер наамы ыйгарылган. 2017-жылы «Курманжан датка» тасмасы үчүн Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлык тапшырылган. Ошондой эле ал «Даңк» орденинин, Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасынын ээси.
Мыкты инсан, алп таланттын ээси, Мурат Алиевдин туугандарына, жакындарына “Марал” радиосунун жамааты терең кайгыруу менен көңүл айтат.