Биз менен байланышыңыз

Сел жүрүшү мүмкүн. 18-июлга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Кыска кабар | 17 Июл 2020 | 367 | 0

18-19-июлга чейин туруксуз аба ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл жана Нарын облустарынын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.

18-июлда түнкүсүн Ош, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Баткен, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолорунда, Чүй облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт.

Эртең менен жана күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт.

Түштүк-батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.​

18-июлда абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +17…+22, күндүз +31…+6;

Таласта түнкүсүн +15…+20, күндүз +30…+35;

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында ​түнкүсүн +19…+24, күндүз +31…+37;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +12…+17, күндүз +21…+26;

Нарын облусунда түнкүсүн +9…+14, күндүз +20…+25;

Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +20…+22, күндүз +34…+36 градус болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM