Биз менен байланышыңыз

Бишкекте дагы бир түнкү стационар ачылды

Кыска кабар | 17 Июл 2020 | 363 | 0

Бишкек шаарындагы үчүнчү түнкү стационар ачылды. Октябрь районун аймагындагы Кара-Жыгач жаңы конушунда жайгашкан «Салтанат» ресторанында 45 орунга ылайыкташтырылган түнкү стационар «Талас жаштар ынтымагы» уюмунун колдоосу менен ачылды.

Анда шаар тургундары кечки саат 21:00дөн эртең мененки 9:00гө чейин алгачкы медициналык жардамды, ийне, капельница жана медициналык кеңеш ала алышат.

Мындан тышкары, борбор калаада ооруган жарандарды дагы эки түнкү стационар кабыл алууда. Алар: 7-кичи райондогу «ДСК» спорт комплекси жана Фрунзе жана Орозбеков көчөлөрүнүн кесилишиндеги «Консул» рестораны.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM