Connect with us

Унаасы башкага катталып калган жарандардан арыздар көп түшүүдө

Кыска кабар | 17 Июл 2020 | 348 | 0

Милициянын кайгуул кызматы жарандарга унаа сатып алган учурда, аны ошол замат өзүнө каттатып, же сатып жаткан учурда, сатып алган жаранга толук кандуу өткөрүп берүүнү сунуштайт.

Кайгуул кызматына жарандардан мурдагы сатып жиберген авто унааларын жөн гана келишимдин негизинде саткандыктан ал унаанын документтеги мыйзамдуу ээси болуп калып, аны сатып алган жарандар тарабынан жасалган жол кыймылынын коопсуздук эрежесин бузгандыгы үчүн айыппул салынып, ал токтомду камтыган кат мурдагы саткан жарандын дарегине барып жатканын айтып арызданган болууда.

Мындай кайрылуулар менен Милициянын кайгуул кызматынын башкармалыгына 2020- жылдын 6 ай ичинде 1010 арыз түшүп, анын ичинен 215 авто унаанын айдоочулары табылып, арыз ээлери менен жолугуштурулган. Калган авто унааларды издөө иштери уланууда.

“Эгер авто унааны сатып жаткан жаран ошол учурда сатып алган жарандын өзүнө толук кандуу өткөрүп, же ошол жарандын дарегине каттатып бербесе, кийин сатып алган жарандын жол эрежесин бузгандыгы тууралуу айыппул ошол жарандын дарегине келип түшөт. Милициянын кайгуул кызматкерлери авто унаанын убагынан өтүп кеткен айыппулун текшерип, факт аныкталса айып короого токтотуп жаткандыгы да ошондон. Андыктан Кайгуул кызматы жарандарды авто унааны сатып жаткан учурда толук кандуу сатып алган жаранга өткөрүп берүүнү сунуштайт”, — деп айтылат маалыматта.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM