Биз менен байланышыңыз

Бишкектеги күндүзгү стационарларда электрондук кезек терминалдары орнотулууда (даректери)

Кыска кабар | 17 Июл 2020 | 342 | 0

Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан 908 керебет-орундуу 13 күндүзгү стационар иштеп жатат. Даректери:

— Ленин районунда – 267 керебет-орундуу 5 стационар;
— Свердлов районунда – 250 керебет-орундуу 3 стационар;
— Октябрь районунда – 151 керебет-орундуу 2 стационар;
— Биринчи май районунда – 240 керебет-орундуу 3 стационар.

Күндүзгү стационарлар эртең мененки саат 08:00дөн кечки саат 20:00гө чейин иштейт. Анда 216 медицина кызматкери жана 22 волонтёр медициналык жардам көрсөтүүдө. 22 дарыкана пункту кызмат көрсөтүп, 114 кычкылтек концентраты бар.

Бишкек шаарынын вице-мэри Азизбек Алымкуловдун айтымында, күндүзгү стационарлар жайгашкан жерлерде электрондук кезек терминалдары орнотулуп жатат. Ал жакта эмгектенген медициналык кызматкерлерге акысыз тамактануу жана мейманканаларда жашоо уюштурулган.

Бишкек шаарынын күндүзгү стационарлары төмөнкү базаларда жайгашкан:

Ленин районунда:
— «Газпром» ДТДЧКда – 120 керебет-орун;
№ 68 мектеп-гимназиясында – 30 керебет-орун (Токтогул көчөсү, 220);
— «Арал» кафесинде – 50 керебет-орун (Дэн Сяопин көчөсү,199);
— № 96 орто мектепте – 30 керебет-орун («Ак-Ордо» конушу);
— № 95 орто мектепте – 37 керебет-орун («Джал» кичирайону).

Свердлов районунда:

— Р.Санатбаев атындагы ДТДЧКда – 150 керебет-орун;
— № 94 орто мектепте – 50 керебет-орун («Дордой» конушу);
— № 38 гимназия мектебинде – 50 койко-мест («Аламедин- 1» кичирайону).

Октябрь районунда:

— «Бишкекнаабайкана» муниципалдык ишканасында — 101 керебет-орун;
— «Сейтек» мектебинде — 50 керебет-орун (Анкара көчөсү, 1/10)

Биринчи май районунда:

— К.Кожомкул атындагы спорт сарайда – 150 керебет-орун;
— № 83 орто мектепте – 50 керебет-орун (Патрис Лумумба көчөсү, 9);
— № 81 орто мектепте – 40 керебет-орун («Ак-Босого» конушу).

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM