Connect with us

“Меместан” сатиралык баракчасынын администраторлору суракка чакырылды

Кыска кабар | 17 Июл 2020 | 262 | 0

Фейсбуктагы “Меместан” сатиралык баракчасынын администраторлору Арген Бактыбек уулу жана анын жубайы Эркингүл Төлөн кызы Ички иштер министрлигине суракка чакырылды. Бул тууралуу алар фейсбукка жарыялашты.

Ички иштер министрлигинде алар түнкү саат экиге чейин суракка алынган.

“Меместандын” түзүүчүлөрүнө сурак берүү боюнча билдирме 16-июлда берилген. Анда айтылгандай, Ички иштер министрлигинин тергөө бөлүмүнө Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү кызматынан материалдар келип түшкөн.

Ал материалдарда WhatsApp мессенджеринде жана социалдык тармактарда белгисиз адам тогуз мүнөттүк аудио жазуу жарыялап, жарандарды парламенттин имаратынын жанында митингге чыгууга үндөгөн деп айтылат.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM