Биз менен байланышыңыз

Быйыл алты айда 23 млрд 654 млн сом пенсия төлөндү

Кыска кабар | 17 Июл 2020 | 263 | 0

2020-жылдын алты айында 23 млрд 654 млн сом пенсия төлөндү. Бул тууралуу Социалдык фонддун төрагасынын орун басары Уланбек Асанов маалымат жыйынында билдирди.

2019-жылы 670 миң пенсионерге 45 млрд сом пенсия төлөнгөн. Былтыр пенсиянын орто эсеби 5786 сомду түзгөн.

“Бүгүнкү күндө пенсионерлерге пенсия төлөмдөрү өз убагында төлөнүп жатат жана мындан ары дагы төлөнүп турат. Пенсионерлер бул боюнча кабатырланбай эле койсо болот. Өткөн жылы 600 миңге жакын пенсионерге жалпы 43 млрд сомдон ашык пенсия төлөнгөн. Ал эми жашоо минимуму бул жылы 4900 сомду түзүп, пенсионерлердин 58%ы жашоо минимумунан жогору өлчөмдөгү каражат төлөнөт», — деди Уланбек Асанов.

Эгер кандайдыр бир суроолор болсо социалдык фонддун атайын 1202 колл-борборуна жана ишеним телефондоруна чалса болот. Мындан сырткары, пенсионерлер убактыларын коротпостон интернет аркылуу сайттан жеке кабинетке кирип бардык керектүү маалыматтарды ала алышат.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM