Биз менен байланышыңыз

Ош: Оорукананын экинчи кабатынан боюн таштаган бейтап каза болду

Кыска кабар | 17 Июл 2020 | 720 | 0

Ош шаардык клиникалык ооруканасында коронавирус илдети менен ооруп, дарыланып жаткан 65 жаштагы эркек киши оорукананын экинчи кабатынан боюн таштап каза болду. Бул тууралуу Ош шаардык милициясынын маалымат кызматы кабарлады.

Окуя 15-июль күнү кечки саат 22:00дор чамасында болгон. Маркум алган жаратынан улам каза болуп, тиешелүү медициналык экспертизалар дайындалды.

Бул факты өзүн-өзү өлтүрүү фактысы катары каттоого алынды.

Милициянын маалыматында, 2020-жылдын 1-июлунда коронавируска кабылып ушул эле ооруканада дарыланып жаткан 34 жаштагы аял да терезеден боюн таштап каза болгон.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM