Биз менен байланышыңыз

Адистер антибиотиктерди башаламан пайдалануудан оолак болууга чакырат

Кыска кабар | 17 Июл 2020 | 436 | 0

Бейтаптарга антибиотиктер көп сунушталып жаткандыктан, стационарга келип түшкөндө аларга акыркы муундагы резервдик антибиотиктер таасир этпей калып жатат. Бул тууралуу медицина илимдеринин доктору, Саламаттыкты сактоо министрлигинин штаттан тышкаркы башкы клиникалык фармакологу Аида Зурдинова 15-июлда президент Сооронбай Жээнбеков менен жолугушкан учурда билдирди.

Зурдинова баштапкы деңгээлде жана стационарларда дары-дармектерди башаламан пайдалана берүүнү токтотууга жардам берүүчү прокальцитонин бактериалдык инфекция маркерин колдонууну сунуштады.

Ал эми Дары-дармектерди ырааттуу пайдалануу боюнча адис Бактыгүл Камбаралиева, вируска каршы натыйжалуулугу далилденбеген дары-дармектерди пайдалануудан сактанууну эскертет.

Анын айтымында, учурда «Арбидол», «Ингавирин», «Эргоферон» ж. б. вируска каршы дары-дармектер чоң дүрбөлөңдү жаратып жатат.

Бирок бул препараттардын натыйжалуулугу далилденбегендиктен, ата мекендик клиникалык протоколдорго киргизилген эмес.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM