Биз менен байланышыңыз

Коронавирус: КРнын эмгек сиңирген дарыгери каза болду

Кыска кабар | 17 Июл 2020 | 951 | 0

Кыргызстанда акыркы бир сутка ичинде коронавирустан 6 бейтап каза болду. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова билдирди.

Анын айтымында, Ош облустар аралык ооруканасында Темиркан Жарматова аттуу 65 жаштагы медициналык кызматкер каза болду. Ал Ош облустар аралык ооруканасында башкы дарыгердин орун басары болуп иштеп келген.

Өлкөдө коронавирустан 173 бейтап бейтап каза болду.

Вирус жуктургандардын жалпы саны 13101 учурга жетти. Ал эми айыккандар 6096 адам.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM