Биз менен байланышыңыз

ДССУ Кыргызстанга 10 тоннадан ашык жеке коргонуу каражаттарын тапшырды

Кыска кабар | 17 Июл 2020 | 385 | 0

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму COVID-19 илдетине каршы күрөшүү алкагында Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлигине жеке коргонуу каражаттарын тапшырды.

Жеке коргонуу каражаттарынын партиясында 46 миң 200 бет коргоочу калканыч, 14 миң 600 коргоочу көз айнек, 57 миң халат, 150 миң респиратордук бет кап бар. Гуманитардык жардамдын жалпы наркы 508 миң долларды түзөт.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун Кыргызстандагы өкүлү, доктор Тасним Ататра: «Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму саламаттык сактоо системасын, өзгөчө алдыңкы катарда эмгектенген медициналык кызматкерлерди колдоо үчүн 10 тоннадан ашык жеке коргонуу каражаттарын Саламаттык сактоо министрлигине тапшырды», — деп белгиледи өз сөзүндө.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM