Биз менен байланышыңыз

Муфтият: Эл кыйналып турганда бааларды көтөргөндөр — каргышка калышат

Кыска кабар | 16 Июл 2020 | 762 | 0

Кыргызстандын муфтияты эл ооруп, дары-дармекке муктаж болуп турган учурда, бул абалдан пайдаланып, бааларды кымбаттаткандар Аллахтын каргышына калган деп эскертти. Хадистерде да эл кыйналып турган учурда дары-дармекти катып алып, кымбаттатып сатып жаткандар күнөөкөр деп айтыларын билдирди.

Муфтият ошондой эле каза болгон жарандарды жерге берүүдө көп адам топтолбошу керектигин эске салды.

«Саламаттыкты сактоо министрлигинин сунуштамаларын аткаруу ар бир жаран үчүн маанилүү. Себеби ар бир жан Кудай Тааланын берген аманаты. Ал эми пенделер өзүнүн да өзгөнүн да ден соолугуна сак болушу керек. Андыктан кайдыгер болбой, зарылдык болбосо көчөгө чыкпастан үйдө болуу, базарга же коомдук жайларга чыкканда сөзсүз беткап тагынуу, колдуу жууп, антисептикалык каражаттарды колдонуп туруу өзүбүздүн жана жакындарыбыздын өмүрүн сактап калууга, өлкөдөгү эпидемияны токтотууга кошкон салымыбыз», -деп айтылат билдирүүдө.

Дары-дармектин баасын негизгиз жогорулаткан айрым фармацевтикалык компаниялар жана дарыканаларга карата сотко чейинки өндүрүш жүрүүдө. Учурда бул багыттагы 27 иш каралып жатат.

Финансы полициясы дарыкана пункттарындагы бааларды текшерүү үчүн рейд жүргүзө турган жумушчу топ түздү. Текшерүүнүн жыйынтыгында, айрым фармкомпаниялар менен дарыканалар медициналык каражаттардын баасын негизсиз жогорулатканы аныкталды. Ошондой эле дарыкана пункттары кассалык аппараттарды атайылап иштетпеген учурлар да ачыкка чыкты.

Мындан тышкары, кампаларды тинтүүдө жарандардын өмүрүн сактап кала турган дары-дармектердин катылып турганы маалым болду. Бул иштер сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM