Биз менен байланышыңыз

Досаев: Кыргызстанда балык чарбалары өнүгүп жатат

Кыска кабар | 16 Июл 2020 | 511 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков пандемиянын кыйынчылыктарына карабастан өлкөнүн экспорттук потенциалын колдоону унутпоого чакырды.

Ал Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы айыл чарба ишканаларынын ишмердүүлүгү менен таанышты, осетр икраларын, форелден ар кандай продукцияларды жана чала фабрикаттарды өндүргөн «Аква Сервис» ЖЧКсы ишканасына барды.

Бул продукциялар ички рынокко, Орусия менен Казакстан рынокторуна да экспорттолот.

Ишкананын жетекчиси Ренад Досаев өлкөдөгү балык чарбасы өнүгүп жатканын белгиледи. Кыска убакыттын ичинде анын чарбасы балык өстүрүүнү 50 тоннадан 5 миң тоннага чейин көбөйтүүгө жетишкен.

Президент мындан ары да аймактардагы экспортко жана жумуш орундарын түзүүгө багытталган ишкердикти кеңейтүүгө көмөктөшөрүн билдирди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM