Биз менен байланышыңыз

Быйыл маданият тармагындагы окуу жайларга тапшыруу онлайн өткөрүлөт

Кыска кабар | 16 Июл 2020 | 332 | 0

Быйыл маданият тармагындагы окуу жайларга тапшыруу онлайн режиминде өткөрүлөт. Бул тууралуу маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов брифингде билдирди.

Анын айтымында, бул күнгө чейин өлкө боюнча окутуу аралыктан жүргүзүлдү.

“Сентябрь айларында абал кандай болору белгисиз. Республикалык штабдын чечими чыкмайынча маданият тармагындагы окуу жайларга кабыл алуу жана окутуу онлайн режиминде жүрөт. Маданият тармагындагы мектептерге абитуриенттерди кабыл алуу кыйла оор болууда. Анткени пианино, хореография жана башкалар боюнча атайын залдарга өткөрүлүшү керек эле. Бирок сынак абал турукташканга чейин онлайн режиминде өтөт”, — дейт министр.

Кыргызстанда жаңы окуу жылы аралыктан окутулабы же кадимки режимде уланабы азырынча белгисиз.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM