Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанга эки жумада 2,5 миң кычкылтек концентратору келди

Кыска кабар | 16 Июл 2020 | 268 | 0

Кыргызстанга эки жума ичинде 2,5 миң кычкылтек концентратору келди. Бул тууралуу вице-премьер-министр Аида Исмаилова онлайн маалымат жыйынында кабарлады.

Кычкылтек концентраторлору гумжардам аркылуу жана бюджеттен каралган каражатка алынды.

“Концентраторлор медициналык мекемелерге бөлүштүрүлгөн. Баткенге 157, Жалал-Абадга 371, Ысык-Көлгө 402, Нарынга 99, Ош облусуна 340, Таласка 35, Чүйгө 270, Бишкекке 396, Ош шаарына 177 даана кычкылтек концентраторлору бөлүштүрүлдү.

Ошондой эле дарылоо жана алдын алуу мекемелерине — 140 кычкылтек концентратору берилген, резервде дагы 50 концентратор бар. Жакын арада дагы керектүү меджабдыктар алынары айтылды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM