Биз менен байланышыңыз

Президент беткап чыгарган заводдун иши менен таанышты

Кыска кабар | 16 Июл 2020 | 845 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков 16-июлда Чүй облусунун Чүй районундагы «Текстиль транс» ЖЧКсы текстиль фабрикасында жеке коргонуу шаймандарынын өндүрүшү менен таанышты.

Анда медициналык бет каптардын үч түрүн: беш катмарлуу KN 95 респиратор бет кабы, KN 95 клапаны менен беш катмарлуу респиратор бет кабы жана үч катмарлуу медициналык бет каптарды өндүрүү үчүн жабдыктар сатылып алынган.

Фабрика күнүнө беткаптын түрүнө жараша 100 миң даанага чейин чыгара алат.

Ишкананын негиздөөчүсү Алмазбек Абдраевдин айтмында, учурда линияларды ишке киргизүү үчүн баары даяр. Бирок мамлекеттик органдардан продукцияны өндүрүү үчүн сертификаттарды алууда маселе жаралууда.

Мындан тышкары, медициналык бет каптарды өндүрүүгө керектүү чийки заттарды алып келүүдө чек арада көйгөйлөр бар.

Президент медициналык каражаттарды толук кандуу чыгарууга тоскоол болгон маселелерди чечүүнү өкмөткө тапшырды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM